Иш-чаранын алкагында коомдук жайларда, базарларда, соода түйүндөрүндө жана тамактануучу жайларда тамеки тартууга тыюу салынгандыгы боюнча жарандарга кеңири маалымат берилди. Ошондой эле тиешелүү жайларга «тамеки тартууга болбойт» жана «тамеки тартуучу жай» деген эскертүү белгилери илинди.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 83-беренесине ылайык, белгиленбеген жерлерде тамеки тарткан жарандарга айып салынары тууралуу эскертүүлөр берилди.










