Чернобыль апаатынын 40 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү

Иш чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары
К. Аттокуров, райондун аскер комиссары
Ч. Кубатбек уулу, райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, Чернобыль апаатынын ардагерлери жана алардын үй-бүлөлөрү катышышты.
Азимкан атындагы эс алуу багында жайгашкан эстеликке Чернобыль апаатында курман болгон жоокерлердин элесине арналып гүлчамбар коюлуп, аларга багышталып куран окулуп, залп атылды.
Иш чара райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында улантылып, ардагерлерге сыйлыктар жана райондук А. Керимбаев атындагы маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан чакан концерт тартууланды.
Чернобыль апаатынын 40 жылдыгына карата райондогу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан катышуучуларды жана алардын үй-бүлөсүн колдоо иретинде акча каражаттары бөлүнүп берилди.
Чернобыль атомдук электр станциясындагы болгон авариянын кесепеттерин жоюуга райондон 28 жаран катышкан. Учурда райондо Чернобыль апаатынын 19 катышуучусу жашайт.

Leave a Reply