9-Май – Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы белгиленди

Иш-чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев, Токтогул шаарынын мэри Б.Б.Бактыбеков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери, ардагерлер жана шаар тургундары катышты.

Майрамдык иш-чара “Өчпөс отко” гүлчамбар коюу, согушта курман болгондордун элесине багышталып куран окуу жана залп атуу менен башталды. Райондук аскер комиссариатынын, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, КР ИИМнин 7706 аскер бөлүгүнүн аскерлери жана Баткен, Афган, Тажик-Афган окуяларынын ардагерлеринин катышуусу менен аскердик парады жана мекеме, ишканалардын кызматкерлеринин катышуусунда “Өлбөс полк” парады уюштурулду.
Майрамдык иш-чарада райондун акими А.А.Тюкебаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана тылда эмгектенген улуу муун өкүлдөрүнүн жаркын элеси, мекен үчүн жасаган каармандыгы жана эмгеги эл эсинде түбөлүк сактала турганын, биздин милдет – тарыхты унутпай, ата-бабаларыбыздын эрдигин кийинки муундарга жеткирүү экенин, жаштарыбызды мекенди сүйүүгө, тынчтыктын баркын билүүгө жана элдин ынтымагын бекем сактоого тарбиялоо – ар бирибиздин жоопкерчилигибиз экенин белгиледи.
Иш-чара райондук А.Керимбаев атындагы маданият үйүнүн кызматкерлеринин концерттик программасы жана спорт оюндары менен коштолуп, иш-чарага катышкан ардагердерге аскердик тамак тартууланды.
Жеңиштин 81 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар райондогу бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында белгиленди

Leave a Reply