Бүгүн райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергеновдун жетекчилигинде “Агро диалог-2024” аталышында семинар-кеңешме болуп өттү.
Семинарда дыйканчылык, багбанчылык, асыл тукум мал чарбачылыгы, бал аарычылык, кайра иштетүү тармактарындагы алдыңкы тажрыйбайлар райондун дыйкандарына жайылтылды.
Россия Федерациясынын “Трейд Агро” компаниясынын расмий дилери А.Л. Витлугаев менен ортомчусуз, сапаттуу минералдык жер семирткичтерди дыйкандарга түз алып берүү келишимине жетишилди.
“Алем Агро” компаниясынын окумуштуу-агрономдору Б.Сыдыков, К.Нурланбековдор тоют өндүрүү жол жобосун сунушташты.
“Кетмен-Дөбө Арашан”, Бакай-Коргон, Кошалы-Ата айыл чарба кооперативдери, Муз-Төр, Кетмен-Төбө бал аарычылар биримдиги жана башкалар өз тармактары боюнча маалымат беришти.




