Башчы-аким А.Тюкебаев Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Кара-Күнгөй айылында

27-март 2024-жылы Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Күңгөй айылында болду. Аталган айылдын жашоочулары тарабынан “Секи” участкасынын башкы планы боюнча айтылган көйгөйлөрдү угуп, ал боюнча түшүндүрмө берди, ошондой эле тиешелүү мекеме, ишканалардын жетекчилерине жана айыл өкмөт башчысына тапшырмаларды берди.

Толук окуу…

Башчы-аким А.Тюкебаев Үч-Терек айыл аймагында болду

26-март 2024-жылы башчы-аким А.Тюкебаев Үч-Терек айыл аймагында болду. Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, айыл өкмөт башчысы А.Байсабаев жана N30 ЖТИнин жетекчиси Т.Кенетаев менен биргеликте Нарын көпүрөсүнөн Кара-Көл шаарынын чек арасына чейинки Бишкек-Ош жолунун жээгин карап чыкты. Башчы-аким тарабынан айыл өкмөт бачысына КР Президентинин №56 Жарлыгына ылайык жол жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарды…

Толук окуу…

Райондун аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин N56 Жарлыгынын негизинде иш аракеттер жүргүзүлүүдө

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун жетекчилигинде райондук ыйгарым укукттуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен Бишкек-Ош автожолунун жээгиндеги тейлөө объекттеринин жайгашуусунун абалы, мыйзамсыз жайгашууга бөгөт коюу чараларынын алкагында түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Президентинин N56 Жарлыгынын негизинде жүргүзүлүүдө.

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаевдин жарандарды жеке кабыл алуусу уюштурулду

Райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-акимдин жеке кабыл алуу графигине ылайык, 2024-жылдын 25-март күнү райондун тургундары жер, ишкерликти колдоо, жумушка орноштуруу боюнча көйгөйлүү маселелери менен кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга кеңештер берилди жана тиешелүү мекеме-ишканаларга тапшырмалар берилди. Башчы-акимдин жеке кабыл алуу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.

Толук окуу…

Кетмен-Дөбө, Абды Сүйөркулов, Элмирбек Иманалиев айыл өкмөттөрүндө Элдик жыйындар өттү

Кетмен-Дөбө, Абды Сүйөркулов, Элмирбек Иманалиев айыл өкмөттөрүндө элдик жыйындар болду. Аталган айыл өкмөттөрдүн жашоочулары менен болгон жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Сулайманов, райондун акими А.А.Тюкебаев жана райондун бир катар жетекчилери катышышты. Жыйында жергиликтүү жарандар тарабынан көйгөйлүү маселелер айтылып, аларды чечүү жолдору каралды.

Толук окуу…

Башчы-аким А.Тюкебаев Кетмен-Дөбө айыл аймагында болду

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы насостук станциялардын жазгы талаа сугат иштерине даярдыктарын, Мазар-Суу айылындагы жаңы салынган парктын абалын, медициналык объектилерди, административдик-аймактык реформанын алкагында айыл өкмөтүнүн мүлктөрүн тактоо иштеринин жүрүшүн жана башка аткарылып жаткан иштерди жеринен көрдү.

Толук окуу…

Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

21-мартта райондук маданият үйүндө Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев, шаардык кеңештин төрагасы М.Борбугулов, аялдар кеңешинин төрайымы Э.Раманкулова майрамдык салтанаттын катышуучуларын Нооруз майрамы менен куттукташты. Салтанат майрамдык концерт менен уланды.

Толук окуу…

Башчы-аким А.Тюкебаев Толук айыл өкмөтүнүн жашоочулары менен жолугушту

2024-жылдын 20-мартында райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев райондук ишкана, мекемелердин жетекчилери менен бирге Толук айыл өкмөтүнүн жашоочулары менен жолугушту. Жарандардын негизги көйгөйлөрү жер, суу, жол, электр энергиясы жөнүндө болду. Жарандар тарабынан жергиликтүү деңгээлде чечиле турган суроо-талаптардын чечүү жолдору белгиленип, аларды аткарууга алуу тиешелүү жетекчилерге тапшырылды.

Толук окуу…