1,0 га кара куурай өскөн жерди чабуу жана өрттөө иштери аткарылды

Токтогул районунун аймагында “МАК-2024” банги заттарынын мыйзамсыз айлануусуна жана бангиликтин жайылышына тыюу салуу чараларды көрүүдө Кетмен-Дөбө айыл аймагынын, Чолпон-Ата айылынын Күн-Тийбес жана Кушчу-Суу участкаларында жергиликтүү айыл башчылары жана Токтогул РИИБнүн участкалык инспекторлору болуп 1,0га кара куурай өскөн жерди чабуу жана өрттөө иштери аткарылды.

Толук окуу…

Сел өтүүчү көпүрөөнү тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү

2024-жылдын 08-июль күнү жааган жан чачындын кесепетинен райондун аймагында селдер жүрүп, А.Суеркулов айыл аймагынын Торкен айлындагы Бука-Арык каналын жана башка арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле Үч-Терек айыл өкмөтүнүн, Саргата айылында КР ӨКМнин Жалал-Абад облусунун башкармалыгы тарабынан атайын техника бөлүнүп (экскаватор) Саргата айылынын Сатылганов Сулайман көчүсүндөгү сел өтүүчү каналды, Ө.Кодиков…

Толук окуу…

Башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду

Райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду. Райондун тургундары тарабынан жөлөк пул, бөйрөк алмаштырууга материалдык колдоо, сугат суу жана жер маселелер боюнча кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилип, жазуу жүзүндөгү кайрылуу, арыздары Электрондук документ жүгүртүү системасында катталды. Башчы-акимдин жеке кабыл алуусу…

Толук окуу…

Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан Токтогул токой чарбасынын Чычкан токойчулугунда текшерүү жүргүзүлдү

Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура” жөнүндөгү мыйзамынын талаптарын так жана туура аткарылышы боюнча Токтогул токой чарбасынын Чычкан токойчулугунда текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Токтогул токой чарбасынын Чычкан токойчулугунун “Кичи-Арым” участогунун 55 кварталынын 29-бөлүгүнөн Токтогул шаарынын тургуну Т.С. тарабынан өз алдынча жердин ээси болгон Токтогул токой…

Толук окуу…

Сел өтүүчү каналды тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүүдө

Үч-Терек айыл өкмөтүнүн, Саргата айылында июнь жана июль айынын башында катуу жаан чачын жаап сел жүрүп, бүгүнкү күндө КР ӨКМнин Жалал-Абад облусунун башкармалыгы тарабынан атайын техника бөлүнүп (экскаватор) Саргата айылынын Ө.Кодиков көчүсүндөгү сел өтүүчү каналды тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Толук окуу…

“Эс алуу – 2024” иш-чарасы болуп өттү

2024-жылдын 6-июль күнү Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы туристтик кызматтардын көргөзмө-жарманкеси “Эс алуу -2024” иш-чарасын өткөрдү. Көргөзмөгө Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунан туристтик операторлор жана Нарын, Талас облустарынан ишкерлер катышты. Көргөзмөгө бал, сүт, кондитердик азыктар жана кол өнөрчүлөрдүн продукциялары коюлду. Көргөзмө-жарманкеси концерттик программа менен коштолду.

Толук окуу…

Башчы-аким катуу жааган жамгырдын кесепетинен жүргөн кыянды жеринен көрдү

Башчы-аким 6-июль күнү түндө саат 01:30 чамасында Саргата айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен жүргөн кыянды жеринен көрүп. Кум шагыл чайкап кеткен ички жолдорду ошондой эле арык каналдарды калыбына келтирүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берип. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ички көчөлөрдү ошондой эле арык каналдарды ирээтке келтирүү, тазалоо иштери жүрүп…

Толук окуу…

Куурай өскөн жерди чабуу жана өрттөө иштери алып барылды

Токтогул районунун аймагында банги заттарынын мыйзамсыз айлануусуна жана бангиликтин жайылышына тыюу салуу чараларды көрүүдө Кетмен-Дөбө айыл аймагынын, Жаңы-Арык айылынын Чолок-Терек участкасында жергиликтүү айыл башчылары жана Токтогул РИИБнүн участкалык инспекторлору болуп 3,0га кара куурай өскөн жерди чабуу жана өрттөө иштери алып барылды. Ошондой эле А.Суеркулов айыл аймагынын Коргон айылынын Кишен-Шай участкасында…

Толук окуу…

Медицина кызматкерлеринин күнү белгиленди

2024-жылдын 5-июль күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жыл сайын июль айынын биринчи жумалыгында белгиленүүчү медицина кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык салтанат болуп өттү. Майрамдык салтанатка район башчысы-аким А.А.Тюкебаев катышып, медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап, медицина кызматкерлеринин эмгеги эң жооптуу , түйшүктүү жана ардактуу экендигин белгилеп, өз сөзүндө “ак…

Толук окуу…

Селден жабыркаган жерлерди тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жасалууда

2024-жылдын 01-июлунда туруксуз аба-ырайына байланыштуу күндүз жана кечке маал нөшөрлөп жааган жаан-чачындын кесепетинен Үч-Терек айыл аймагына караштуу Саргата айылында, А.Суеркулов айыл аймагынын Кара-Жыгач айылында, Торкен айылында, Токтогул шаарынын Кара-Тектир айылдарында сел жүргөн. Бүгүнкү күндө селден жабыркаган жерлер райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, райондук суу чарба башкармалыгы ошондой эле жергиликтүү өз алдынча…

Толук окуу…