Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата майрамдык иш-чара Токтогул шаарынын борбордук аянтында уюштурулду.
Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Т.Нусупова, А.Бердалиев атындагы N 39 кесиптик лицейдин, ИСИТОнун Токтогул кесиптик колледжинин студенттери, мектеп окуучулары катышышты.
Майрамдык иш-чарада акимдин орун басары А.Нават кызы жаштарды куттуктап, райондун коомдук турмушуна активдүү катышкан жаштарга райондук мамлекеттик администрациянын сыйлыктарын тапшырды.
Жаштарга арналып майрамдык концерт тартууланып, спорттук оюндар уюштурулду. Жеңүүчүлөр атайын даярдалган сыйлыктар менен сыйланышты.