“Урматтуу жаштар! Кымбаттуу келечек ээлери!
Сиздерди 10-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү менен куттуктайм!
Жаштар — коомубузду жаңылоонун, өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы. Учурдун жаштары заман талабына ылайык активдүү, илим-билимге жакын, жаңылыктарды жаратууга дилгир муун катары жетилип келатат. Жаш мекендештерибиз өлкөбүздүн экономикасын, спорт, маданият, чарба тармактарын өнүктүрүүгө чоң салым кошууда. Жаштарды колдоо, аларга ишеним артуу — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Жаштардан жаӊы идеяларды күтүү менен бирге келечек илимдүү, билимдүү, жаратман жаштардын колунда экенин, ошону менен бирге билимдүү жаш кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу аракеттерин жүргүзүп келе жатканыбызды да баса белгилегим келет.
Майрамыңыздар менен, ардактуу достор! Сиздерге бекем ден соолук, бактылуу өмүр, ийгилик, кең келечек каалайм!”.