23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгы менен Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев куттуктайт

Кымбаттуу Токтогул районунун тургундары! Урматтуу мекендештер! Сиздерди 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм! Улутубуздун башкы дөөлөттөрүнүн бири болгон мамлекеттик тилибиз – кыргыз тили кылымдарды карыткан улуу тил. Бабаларыбыз басып өткөн жолунда далай кубаныч менен кайгыны өткөрсө да, тилин жоготпой, тили аркылуу салт-санаа, үрп-адаттарын, кыргыздын улуу…