Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын өттү

21-январь 2025-жылы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын өттү.
Жыйындын күн тартибинде:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги “Суу чарба секторунун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” №207 Токтомунун аткарылышы;
2. Кыргыз Республикасынын “Жер – укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” жана Жер аянттарын трансформациялоо;
3. Райондогу мекеме, ишканалар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары газета, журналдарга катталуусунун абалы жана ар кандай маселелер каралды.
Жыйынга райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилери, шаар мэри, айыл өкмөт башчылары катышты. Күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилерине протоколдук тапшырмалар берилди.

Leave a Reply