Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду

2025-жылдын 20-январында Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду.
Райондун тургундары тарабынан электр энергиясы, жердин документтери, материалдык жардам, бала бакча, ишкерлик жөнүндө маселелер менен кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилди.
Эскерте кетсек, Токтогул РМАнын башчысы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.
Токтогул РМАнын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергеновдун кабыл алуусу ар шаршемби күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.
Токтогул РМАнын башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызынын кабыл алуусу ар бейшемби күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.
Токтогул РМАнын аппарат жетекчиси Э.Апит уулунун кабыл алуусу ар жума күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.
Коомдук кабылдаманын ишенимдүү байланыш телефон номери: 03747 5-00-63.

Leave a Reply