Бүгүн 2024-жылдын 30-сентябрында Токтогул шаарынын Жаңы-Жол айылындагы №9 И.Умаров атындагы жалпы билим берүү мекемесинин алдында “Келечек үчүн билим” долбоору аркылуу 3 сааттык бала бакча ачылды.
Ачылыш аземине райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, эмгек ардагерлери жана ата-энелер катышты.
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин алдында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим ”долбоору ишке ашырылып жатат. Долбоордун негизинде жаңыдан түзүлгөн ар бир бала бакчага эмерек, оюнчуктар, окуу үчүн жабдуулар, материалдар берилди жана ачык абадагы оюн аянтчалары орнотулду.
Долбоордун максаты: мектепке чейинки билим берүү программаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында өлкө боюнча 500 жаңы кыска мөөнөттүү бала бакчаларды 3-5 жаш курактагы балдарды камтуу менен ачуу. Бул долбоор аркылуу райондун аймагында 12 обьект киргизилген. Бүгүн 3-5 жаш курактагы балдарды камтуу менен 3 сааттык бала бакчага 50 бала тартылды.
Жалпы район боюнча 3 сааттык 5 бала бакча ачылып, 300 бала тартылды жана 12 жумуш орун түзүлдү.