Бримкулов Нурлан Нургазиевич

 

Бримкулов Нурлан Нургазиевич

Бримкулов Нурлан Нургазиевич (1953-ж. т., Жалал-Абад областы, Токтогул шаарчасы) – терапевт, медицина илимдеринин доктору (1991), Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1996). КММИни (1976), аспирантурасын (1981) бүтүргөн. Кыргызстан кардиология ИИИде илимий кызматкер, Улуттук кардиология жана терапия борборунда бөлүм башчы, башкы врач болуп иштеген. 2000-жылдан КММАда кафедра башчысы. Ички оорулар жана бийик тоо медицинасы боюнча адис. 300дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 2 монографиянын, 3 ойлоп табуунун автору. Эмгектери: Бронхиальная астма у детей (в соавторстве). Б., 2000.

Comments are closed.