Бүгүн, 2024-жылдын 26-сентябрь күнү райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын болуп өттү.
Жыйындын күн тартибинде:
1. 2024-жылдын 17-ноябрындагы Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоого карата уюштуруу жана даярдык иштеринин жүрүшү;
2. Айыл чарба жумуштарынын абалы (оруп-жыйноо, күздүк эгин эгүү, күздүк сугат, жайыт);
3. Кышка даярдыктын жүрүшү;
4. Камсыздандыруунун абалы;
5. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгынын аткарылышы;
6. Социалдык-экономикалык өнүгүү программасы жөнүндө маселелер каралды.
Аталган маселелер жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын жана тиешелүү мекемелердин кызматкерлери тарабынан маалыматтар берилип, талкууланды.
Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев тарабынан күн тартибиндеги маселелер боюнча тапшырмалар берилип, атайын мөөнөттөр коюлду.