Ишкерлер күнү белгиленди

2024-жылдын 27-сентябрь күнү райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында ишкерлер күнү салтанаттуу белгиленди.
Салтанаттуу жыйынга райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, мекеме, ишканалардын жетекчилери жана райондогу жеке ишкерлер катышышты.
Өз сөзүндө райондун акими А.Тюкебаев ар бир жеке ишкер талыкпаган эмгеги менен жаңы чарбаларды түзүп, ар кыл тармактарда долбоорлорду ишке ашырып жатышканын белгилеп, аларга ийгиликтерди, максаттардын аткарылышын каалады.
Райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон ишкерелер райондук мамлекеттик администрациянын Ардак грамоталары менен сыйланышты. Ошондой эле чакан концерттик программа тартууланды.
Маалымат үчүн: 2024-жылдын 8 айында райондун аймагында 24 ишкердик субъект ачылып, 103 жумуш орду түзүлгөн.

Leave a Reply