Жыл сайын белгиленүүчү 5-октябрь кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнүн бир айлык иш-чаранын алкагында Токтогул району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү Эскертет!!!
Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү өрт коопсуздугун сактоо боюнча үгүт-насаат иштерин жүргүзүү, район аймагында катталган өрт кырсыктарын жоюу менен бирге сел, жер көчкү сыяктуу табийгый кырсыктардын, жол-транспорт, жана башка түрдүү кырсыктардын кесепеттерин алдын алууга, түшүндүрүү иштерине активдүү катышып келет.
Аткарылган иш-чараларга карабастан акыркы мезгилдерде адам өлүмү, жарат алуусу менен коштолгон кырсыктар, анын ичинде жол-транспорт кырсыктары да көп катталуусу байкалууда.
Жогорудагы адам өлүмү, жарат алуусу менен коштолгон кырсыктардын негизинен өрт коопсуздук, жол коопсуздук жана күнүмдүк турмуштагы коопсуздук эрежелерди сактабагандыктан улам катталууда.
Урматтуу атуулдар! Жогорудагыдай кырсыктарды алдын алуу максатында Токтогул району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү табигый кырсыктар катталган мезгилде өзүн алып жүрүүнү, жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөнүүнү сунуш кылуу менен бирге төмөнкү иш-чараларды аткарууну эскертет:
Жолдо жүрүүдө:
жол коопсуздук эрежелерин сактоону;
тийиштүү ылдамдыктан ашпоону;
автоунаалардын дайыма оң абалда болуусун камсыздоону.
Өрт кооптуу мезгилде:
турак-жайлардын, мекеме-ишканалардын аймагын чөптөрдөн арылтууну;
таштандыларды коопсуз гана жайда көзөмөлдөп өрттөөнү;
өчүрүлбөгөн тамеки калдыктарын көрүнгөн жерге таштабоону.
Өзгөчө кырдаалдар катталса, токтоосуз 101 же 112 – Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызматына чалыңыздар. Өрт же өзгөчө кырдаал жөнүндө кабар канчалык тез жетсе, ага ыкчам чара көрүү менен сактап же куткарып калуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогорулайт. Ошондуктан эрежелерге кайдыгер карабай, кырсыктардан сактаналы.