Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулду.
Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгү, баардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коомдук жайлардын айланасы, көчөлөр тазаланды.
Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, мэрия, айыл өкмөттөрдүн эмгек жамааттары тартылды.
Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын техникалар уюштурулуп, чыгаруу иштери жүрүүдө.




