Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев Улуу Ата Мекендик согуштагы оруктун ардагери Чилдебай Орозовду куттуктады

2024-жылдын 8-май күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев Улуу Ата Мекендик согуштагы оруктун катышуучусу Чилдебай Орозовдон кабар алып, Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады.
Райондун башчысы ардагерге КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Т. Сыргабаевдин
жана өзүнүн акчалай белектерин тапшырып, 9-май Улуу Ата Мекендик согуштун жеңиш күнү менен куттуктап, ден соолук каалады.
Ошондой эле Чилдебай Орозовду Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаев, Токтогул райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы К. Молдогазиев, райондун ардактуу атуулу И.Токтогулов куттуктап, белектерин тапшырышты.
Чилдебай Орозов – 1931-жылы Акчий -Карасуу айылында туулган, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы, КР Саламаттык сактоосунун отличниги төш белгилери менен сыйланган жана КР персоналдык пенсионери наамы ыйгарылган. 1955-жылдан тартып Токтогул районунун калкынын саламаттыгын сактоого кошкон салым зор.

Leave a Reply