Райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов Үч-Терек, Элмирбек Иманалиев айыл аймактарында болду

2024-жылдын 7-майында райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов Үч-Терек, Элмирбек Иманалиев айыл аймактарында болду.
Башчы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов тиешелүү мамлекеттик органдар менен Үч-Терек айыл аймагындагы Осмон-Ата суу сактыгычынын абалын жеринен карап чыгып, айыл өкмөт башчысына суу сактагычты айыл өкмөттүн балансына өткөрүп алуусун тапшырды.
Ошондой эле Элмирбек Иманалиев айыл өкмөтүнүн аткаруучулук тартибин, КР Президентинин Жарлыктарынын, КР Министрлер Кабинетинин Токтомдорунун аткарылышын жана сугат иштеринин жүрүшүнүн абалын карап чыгып айыл өкмөт башчысына тиешелүү тапшырмаларды берди.

Leave a Reply