Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары

2024-жылдын 17-ноябрында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо болот.
Жергиликтүү кеңеш – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы, ал беш жылдык мөөнөткө тиешелүү шаардын же айылдык аймактын тургундары тароабынан түздөн-түз шайлайт.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарына жергиликтүү жамааттын турмушуна жана өнүгүүсүнө тиешелүү маанилүү маселелерди чечүү кирет.
Жергиликтүү кеңештер жергиликтүү бюджетти бекитет жана анын аткарылышын көзөмөлдөйт, социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программаларды кабыл алат.
Алар жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды белгилешет, муниципалдык менчикти башкаруу маселелерин жөнгө салышат, ошондой эле муздак сууну, канализацияны пайдалануу, жылуулук менен камсыз кылуу жана катуу таштандыларды чыгаруу тарифтерин бекитет.
Жергиликтүү кеңештер ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки заттарын сатуунун убактысын жана ордун чектөөгө, анын ичинде толук тыюу салууга чейин ыйгарым укуктарга ээ.
Мындан тышкары, депутаттар мэрдин же айыл өкмөт башчысынын отчетторун угат жана ишеним көрсөтпөөнү же ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө маселени кароону демилгелей алат.
Жергиликтүү кеңештин депутаттары – алар ар бир шаарда, айылда жашоо-шартты жакшыртуу үчүн иштеп жаткан элдин өкүлдөрү.
Сиздин добуш ѳтѳ маанилүү! Сиздин кызыкчылыкты коргой турган жана жалпы коомубуздун жыргалчылыгы үчүн иштей тургандарды тандаңыз.

Leave a Reply