Жыл жыйынтыгы чыгарылды

2025-жылдын 30-январында 2024-жылдын жыйынтыгы, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жөнүндө райондук мамлекеттик администрациянын коллегиясы болуп өттү.
Аталган коллегияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары У.О.Самаев, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, райондук ишкана, мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, айыл башчылар, мектеп директорлору, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
Коллегиянын жүрүшүндө жыл ичинде райондун аймагында аткарылган иш-аракеттер жөнүндө кеңири маалыматтар угулуп, талкууланды.
Ошондой эле 2024-жылы райондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө салым кошкон кызматкерлерге райондук мамлекеттик администрациянын сыйлыктары тапшырылды.
“Жылдын мыкты айыл өкмөтү” наамы Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө, “Жылдын мыкты мекемеси” Токтогул райондук ветеринардык башкармалыгына, “Жылдын мыкты жетекчиси” Токтогул райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Д.С.Курбаналиевге ыйгарылды.

Leave a Reply