Вакцина сактоочу кампанын имараты ачылды

2023-жылдын 26-декабрь күнү Токтогул шаарында райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунда вакцина сактоочу кампанын жаңы имаратынын ачылыш аземи болду. Ачылыш аземге Токтогул районунун акими А.А.Тюкебаев, КР саламаттыкты сактоо министринин орун басары Б.К.Арыкбаева, Жалал-Абад облустук саламаттыкты сактоо тармагынын координатору К.К.Байдолотов, Жалал-Абад облустук санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгери Р.К.Ураимов , райондук…

Толук окуу…

Райондо күндүн энергиясынан электр энергиясын алуу пландалууда.

2023-жылдын 25-декабрында райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, “HUNGARO SRL (Венгрия)” компаниясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү В.Тулейбич, “ГРК Солар энерджи” (Кыргызстан) ЖЧКсынын башкы директору А.Тороев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө “HUNGARO SRL” компаниясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү А.Тулейбич Токтогул районунда күндүн нуру аркылуу электр энергиясынан алуучу станция курууга кызыктар экендигин билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында эки…

Толук окуу…

Үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты пайдаланууга берилди

Айыл элинин ден соолугуна кам көрүү, медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында 2023-жылдын 23-декабрында Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн Өзгөрүш айылында К.Малабашев атындагы жалпы дарыгерлер практика борборуна караштуу Үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты пайдаланууга берилди. Имараттын ачылуу аземине КР Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Сулайманов, КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Т.Сыргабаев, Токтогул районунун…

Толук окуу…

Акимдин жаңы жылдык балаты майрамы белгиленди

2023-жылдын 15-декабрында № 1 Токтогул атындагы орто мектебинде акимдин жаңы жылдык балаты майрамы белгиленди. Майрамдык иш-чарага райондун аймагындагы социалдык колдоого муктаж балдар, билим берүү мекемелеринин алдыңкы окуучулары катышышты. Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев балдарды келе жаткан жаңы жылдары менен куттуктап, окуудагы ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалады. Иш-чарада окуучулар тарабынан даярдалган майрамдык…

Толук окуу…

Координациялык кеңешменин кезектеги отуруму болуп өттү

2023-жылдын 22-декабрында Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу маселелери боюнча Координациялык кеңешменин кезектеги отуруму болуп өттү. Күн тартибинде: 1. “Райондун аймагындагы жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иш чаралары жөнүндө”; 2. КР Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы ПЖ №548 “Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу…

Толук окуу…

Ишкердик субъекттердин укуктарын коргоо багытында жыйын өттү

2023-жылдын 15-декабрында Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында райондук прокуратуранын демилгеси менен ишкердик субъекттердин укуктарын коргоо багытында жыйын өттү. Жыйынга райондук мамлекеттик администрациясынын, Токтогул шаардык мэриясынын, КР Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул райондук башкармалыгынын, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик-санитардык көзөмөлдөө борборунун өкүлдөрү, жеке ишкерлер катышты.…

Толук окуу…

Манасчы жана семетейчи Жаңыбай Кожек уулуна арналган иш-чара болуп өттү

Иш-чарада Токтогул шаарынын борбордук аянтында манасчы жана семетейчи Жаңыбай Кожек уулунун эстелиги ачылып, ага багышталып куран окулду. Райондук А.Керимбаев атындагы маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан манасчы жана семетейчиге арналып театралдаштырылган программа тартууланды. Иш-чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын жана котормочу Карбалас Бакиров, филология…

Толук окуу…

Жаңы унаалар менен камсыз болушту

Токтогул райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун тез жардам бөлүмү бардык шарттары бар “Соболь” үлгүсүндөгү тез жардам унаасы жана райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл борбору санитардык унаа менен камсыз болушту. Бул унаалар Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2023-жылдын 8-декабрында тапшырылган. 2023-жылдын 12-декабрь күнү райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев…

Толук окуу…

Чынгыз Айтматовго 95 жыл

Кыргыз элинин залкар жазуучусу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата “Биз дүйнөнү өзгөрттүк, дүйнө бизди өзгөрттү” аталыштагы адабий-музыкалуу, илимий конференция Н.Бримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясында өттү. Аталган иш-чарага Н.Бримкулов, Токтогул, А.Иманбаев, Жоомарт, И.Алымбеков, М.Нургазиев атындагы орто мектептеринин жана райондук балдар чыгармачылык үйүнүн…

Толук окуу…

Кыргыз ССРнин эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамын жайылтуу максатында жана Кыргыз ССРнин эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан жарыяланган “Кыргыз тил жана Айтматов ааламы” аталышында 3 айлыктын алкагында Ч.Айтматов атындагы райондук борборлоштурулган китепканасында…

Толук окуу…