Токтогул РИИБдин көчмө кабылдамасы райондун Чычкан капчыгайында түшүндүрүү иш-чарасын жүргүздү

Токтогул РИИБдин көчмө кабылдамасы райондун Чычкан капчыгайында сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу, сууга түшүүгө мүмкүн болбогон жерлерге ата-энелер жаш өспүрүмдөргө өзгөчө көңүл буруусун, жаратылышка эс алууга (экскурсияга) уруксат бербөө жана Чычкан капчыгайында жайгашкан ашканалардын ээлерине, кол алдында иштеген кызматкерлерине чет өлкөлүк туристтерге сылык мамиледе кабыл алуусу жөнүндө түшүндүрүү иш-чарасын жүргүздү.

Толук окуу…

Токтогул РИИБдин көчмө кабылдамасы менен түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлдү

2024-жылдын 17-май күнү Токтогул РИИБдин көчмө кабылдамасы менен Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, А.Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Жаманкулов жана Токтогул РИИБнүн өздүк курамы А.Суеркулов айыл аймагында үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоону, коргоону, сактоону жана башка аркандай кылмыштарды алдын алуу максатында жарандарга түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлдү.

Толук окуу…

Токтогул районунда жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо максатында жыйын өттү.

2024-жылдын 14-май күнү Токтогул райондук прокуратурасынын демилгеси менен райондо жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу, 25-май – “Акыркы конгуроо” иш-чарасын өткөрүүдө окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жөнүндө башчы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өттү. Жыйындын жүрүшүндө райондук прокурордун улук жардамчысы А.Джакупов жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана Кыргыз Республикасынын…

Толук окуу…

“Токтогул суу сактагычынын акваториясында балык кластерин түзүү” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча келишимге кол коюлду

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принцибинде Токтогул районунун, Токтогул шаарынын “Токтогул суу сактагычынын акваториясында балык кластерин түзүү” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча келишимге кол коюлду. Мамлекеттик өнөктөштөр Кыргыз Республикасынын Суу ресурстар айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Балык чарба департаменти, Токтогул шаарынын мэриясы ал эми жеке өнөктөш “Азия-Продукт” ЖЧКсы болду. Долбоордун…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат кызматкерлерине окуу-семинар өткөрүлдү

13-май 2024-жылы Токтогул райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат кызматкерлерине өзгөчө кырдаалдарда калктын муктаждыгын камсыз кылуу, сел, суу ташкыны, жер титирөө жана өрт кырсыгы боюнча окуу-семинар өткөрүлүп, түшүндүрмөлөр берилди.

Толук окуу…

Толук айыл аймагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

11-май 2024-жылы Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицердик курамы Толук айыл аймагындагы Ак-Терек, Алмалуу участкасындагы кооптуу аймакта жашаган жарандарды коопсуз жака көчүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен эскертүү баракчаларын таратышты.

Толук окуу…

Токтогул районунда туризмди жана креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча тегерек стол өттү

2024-жылдын 11-май күнү райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Токтогул районунда туризмди жана креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча тегерек стол өттү. Тегерек столго Россия Федерациясынан келген эл аралык эксперттер К. Гаранин, Е. Биктимирова, “Илбирс” фондусунун өкүлү Ж. Алымбекова, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, “Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркынын, райондук токой чарбасынын…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү

Бүгүн, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү. Коллегиянын күн тартибинде: 1. 2024-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана милдеттери жөнүндө маселе каралды. Аталган маселенин экономика тармагы боюнча башчы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов, социалдык тармак боюнча башчы-акимдин орун басары А.Нават кызы маалымат берип, талкууланды. Коллегиянын отуруму башталар…

Толук окуу…

Токтогул РИИБдин Милициянын көчмө кабалдамасы коопсуздукту камсыздоо максатында иш-чара жүргүздү

9-май 2024-жылы Токтогул РИИБдин Милициянын көчмө кабалдамасы менен жашы жете элек өспүрүмдөрдүн бөөдө кырсыктардан, ошондой эле алардын коопсуздугун камсыздоо максатында райондун аймагында жайгашкан сууга түшүүгө мүмкүн болбогон жерлерге, тактап айтканда көлмөлөрдө, дарыяларда, каналдарда жана жаратылыш эс алуу жайларга жашы жете элек өспүрүмдөрдүн өз алдынча чыгуусуна жол бербөө максатында алдын алууга…

Толук окуу…

Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Токтогул шаарындагы эс алуу багындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюлуп, согушта курман болгон жоокерлерге багышталып, куран окулуп, залп атылды. Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев майрамдык салтанаттын катышуучуларын Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады. Райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери патриоттук ырлары менен майрамдык маанай тартуулашты.

Толук окуу…