Комуз күнү белгиленди

Комуз кыргыз элинин эң көрүнүктүү, байыркы кеңири тараган музыкалык аспаптарынын бири. Кыргыз комузу менен аткарылган чыгармалар кыргыз жеринин кооздугун элестетет. 9-сентябрь-Комуз күнүнө карата Токтогул шаарынын борбордук аянтында Комуз күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Майрамдык иш-чарада комуз күүлөрү чертилип, комузда ырлар жаңырды.

Толук окуу…

Окуучуларга өзгөчө кырдаалдар жана өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү 2024-жылга түзүлгөн иш-чаралар планына ылайык Токтогул шаарындагы №2 Ж.Бөкөнбаев, №28 Ормонбеков, N5 Турдумамбетов атындагы орто мектептеринде жаңы окуу жылына карата “Өзгөчө кырдаалдар жана өрт коопсуздугу” боюнча офицердик курамы тарабынан мектеп окуучуларына окуулар жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Толук окуу…

7-сентябрь Токтогул шаарында жана айыл аймактарда ишембилик өткөрүлдү

7-сентябрь Токтогул шаарында жана айыл аймактарда ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, райондук токой чарба башкармалыгынын башчысы К.Токтоназаров ж.б мекеме жетекчилер жана Кетмен-Төбө өрөөнүнүн активист уулу Хамза Жеништин демилгеси менен КР Эмгек сиңирген артисти Т.Сманбеков, «Дестинация Токтогул» коомдук…

Толук окуу…

Токтогул РИИБдин башчысы К.Дж.Искаков Өзгөрүш АМБнүн башчысы жана аймактык тескөөчүлөр менен бирге Элдик жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин орун басары Б.Торобаев жана ИИМдин орун басары милициянын генерал майору Э.Аширходжаев менен жолугушууда коюлган суроо талаптардын аткарылышы боюнча 2024-жылдын 5-сентябрь күнү Токтогул районунун Э.Иманалиев айыл өкмөтүнө караштуу Ж.Чаргынов атындагы орто мектебинде Токтогул РИИБдин башчысы милициянын подполковниги К.Дж.Искаков жана Өзгөрүш АМБнүн башчысы жана аймактык тескөөчүлөр менен биргеликте,…

Толук окуу…

№6 Мүлкүбат, №1 С.Токтогул атындагы орто мектептеринде “Өзгөчө кырдаалдар жана өрт коопсуздугу” боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

2024-жыл 5-сентябрь күнү райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү 2024-жылга түзүлгөн иш-чаралар планына жана графигине ылайык Токтогул шаарынын №6 Мүлкүбат, №1 С.Токтогул атындагы орто мектептеринде жаңы окуу жылы башталганына байланыштуу “Өзгөчө кырдаалдар жана өрт коопсуздугу” боюнча офицердик курамы тарабынан мектеп окуучуларга окуутуларды жана түшүндүрүү иштерин жеринен жүргүзүлдү.

Толук окуу…

А.Бердалиев атындагы №39 кесиптик лицейинин ачылыш аземи болуп өттү

5-сентябрь Токтогул шаарындагы А.Бердалиев атындагы №39 кесиптик лицейинде КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Секторду өнүктүрүү: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” (АӨБ) долбоорунун алкагында: 19 млн 524 968 сомго капиталдык оңдоп-түзөө иштери, заманбап материалдык-техникалык база менен толукталышы ж.б. жумуштардын аякташы менен окуу жайдын ачылыш аземи болуп өттү. Аталган иш-чара онлайн…

Толук окуу…

Көрнөк-жарнактар ирээтке келтирилүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентинин N56 Жарлыгынын алкагында, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими А.Тюкебаевдин 2024-жылдын 15-августундагы N 429 буйругунун негизинде Токтогул шаарынын аймагындагы Бишкек-Ош автоунаа жолунун жээгиндеги башаламан жайгашкан көрнөк- жарнактар алынып, ирээтке келтирилүүдө.

Толук окуу…

Т.Жүндүбаев, С.Нурманбетов мектептеринин алдында “Келечек үчүн билим” долбоору аркылуу 3 сааттык бала бакча ачылды

2024-жылдын 3-сентябрында А. Суеркулов жана Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Т.Жүндүбаев, С.Нурманбетов мектептеринин алдында “Келечек үчүн билим” долбоору аркылуу 3 сааттык бала бакча ачылды. Ачылыш аземине райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, айыл өкмөт башчылары Б.Багымбаев, Ө.Жаманкулов, эмгек ардагерлери жана ата-энелер катышты. Кыргыз…

Толук окуу…

Токтогул шаарында жаңы бала бакчанын имараты пайдаланууга берилди

2-сентябрь 2024-жылы Токтогул шаарында жайгашкан №13 Байчечекей мектепке чейинки билим берүү уюумунун А. Бекматжанова атындагы бала бакчанын жаңы имараты пайдаланууга берилип, жаңы окуу жылына расмий ачылышы болду. Ачылуу аземине Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, Токтогул шаарынын аксакалдары, ата-энелер жана…

Толук окуу…

Токтогул районунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы белгиленди

31-август күнү Токтогул шаарынын борбордук аянтында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев баштаган президиум мүчөлөрү катышышты. Майрамдык салтанат аскер кызматчыларынын парады жана райондук мекеме ишканалардын демонстрациясы менен башталды. Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына карата…

Толук окуу…