Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү

05.11.2024-жылы райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү. Коллегиянын күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды: 1. 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана милдеттери; 2. Ченемдик-укуктук актыларды, жогорку органдардан барган иш кагаздары жана өздөрүнүн кабыл алган чечимдерин аткаруу, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби боюнча райондук эмгек социалдык камсыздоо жана…

Толук окуу…

2-ноябрь – Маданият кызматкерлеринин күнү менен раймамадминистрациянын башчысы-аким А.Тюкебаев куттуктады

Урматтуу маданият кызматкерлери! Сиздерди 2-ноябрь – Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм! Маданият жөнүндө сөз кылуу — бул биринчи кезекте, улут жөнүндө сөз кылуу, маданиятсыз улут болбогондой эле, улутсуз маданият болбойт. Сиздер улуттук асыл дөөлөтүбүздү, кылымдан бери келе жаткан нарк-насилдүү салтыбызды жаштарга үйрөтүп, жеткирип, урпактарга багытталган эмгегиңиздер менен коомубуздун урматына ээ…

Толук окуу…

Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Иш чара райондук А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө белгиленип, ага райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев, райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана ардагерлери катышышты. Куттуктоо сөзүндө райондун акими А.А.Тюкебаев милиция кызматкерлери бир кылым убакыттан бери мамлекеттик системанын коом үчүн кызмат көрсөткөн эң керектүү, эң күчтүү, зарыл тиреги экенин…

Толук окуу…

Башчы-аким А.Тюкебаев 1-ноябрь – милиция кызматкерлеринин күнү, кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы менен куттуктады

Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардактуу ардагерлери! 1-ноябрь – милиция кызматкерлеринин күнү, кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы менен куттуктайм! Милиция кызматкерлери – өлкөбүздүн тынчтыгын жана жарандарыбыздын коопсуздугун коргоп, өз өмүрүн, бүткүл жашоосун тобокелге салып, кызмат өтөп келүүдө. Ар бир милиция кызматкери мамлекетибиздин укуктук негиздерин бекемдөө жана коомдук тартипти чыңдоодо…

Толук окуу…

10-11-класстарынын окуучуларынын, №39 А.Бердалиев атындагы кесиптик лицейдин студенттеринин катышуусунда жыйын өттү

2024-жылдын 31-октябрь күнү айондук прокуратуранын демилгеси менен Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында мекеме, ишканалардын жетекчилеринин, ата-энелердин, мугалимдердин жана Токтогул шаарында жайгашкан орто мектептердин 10-11-класстарынын окуучуларынын, №39 А.Бердалиев атындагы кесиптик лицейдин студенттеринин катышуусунда жыйын өттү. Күн тартибинде Токтогул шаарынын аймагында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын жана зордук-зомбулуктун…

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу уюштурулду

Бүгүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду. Райондун тургундары тарабынан турак жай, электрэнергиясы жана ипподром маселелери жөнүндө кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилди. Эскерте кетсек, Башчы-акимдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин. Коомдук кабылдаманын ишенимдүү байланыш телефон номери:…

Толук окуу…

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата “Тарых барактары – тарых сабактары” аталышындагы иш чара өткөрүлдү

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата “Тарых барактары – тарых сабактары” аталышындагы иш чара өткөрүлдү. Иш чаранын алдында «Ардак белгиси» орденинин ээси Махмуд Ботбаевдин мүрзөсүнө гүл коюлуп, куран окулду. 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун убактылуу уюштуруу бюросунун жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун ревкомунун мүчөсү Махмуд Ботбаев жана 1924-26-жылдары Жалал-Абад округунун аткаруу…

Толук окуу…

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттар күнү жана КР Айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди

Бүгүн райондук мамлекеттик администрациясынын чоӊ жыйындар залында КР Жергиликтүү жамааттар күнүнө жана КР Айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган “Алтын Күз-2024” салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүн жана айыл чарба тармагында эмгектенген кызматкерлерди майрамы менен куттуктап, сыйлыктарды тапшырды. Иш-чарага райондогу укук корго…

Толук окуу…

“40 район – 40 китеп” адабий конкурсу 2024-жылдын 1-ноябрында башталат

Чыгармачылык ишке дем берүү жана өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын чыңдоо үчүн шарттарды түзүү максатында “40 район – 40 китеп” адабий конкурсу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №536-т тескемеси менен бекитилген “40 район – 40 китеп” адабий конкурсун өткөрүү жөнүндө Жобого ылайык” жүргүзүлө турганын маалымдайбыз. Конкурстун максаты – аймактарындагы калемгерлердин чыгармачылыгын…

Толук окуу…

“Аталар изи” интеллектуалдык сынак болуп өттү

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата райондогу жаштар арасында райондук деңгээлде “Аталар изи” интеллектуалдык сынак болуп өттү. Сынак үчүн Манас эпосу, Кара-Кыргыз автономиялуу облусу, кыргыз тарыхы, чыгаан инсандар жөнүндө суроолор даярдалган. Иш чарага А.Бердалиев атындагы N39 кесиптик лицейинин жана ИСИТОнун Токтогул колледжинин студенттеринен 4 команда катышып, жыйынтыгында ИСИТОнун Токтогул…

Толук окуу…