Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата “Тарых барактары – тарых сабактары” аталышындагы иш чара өткөрүлдү.
Иш чаранын алдында «Ардак белгиси» орденинин ээси Махмуд Ботбаевдин мүрзөсүнө гүл коюлуп, куран окулду.
1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун убактылуу уюштуруу бюросунун жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун ревкомунун мүчөсү Махмуд Ботбаев жана 1924-26-жылдары Жалал-Абад округунун аткаруу комитетинин төрагасы Мураталы Ашыров тууралуу райондук маданият үйүнүн кызматкерлеринин сахналаштырылган сценарийи көрүүчүлөргө тартууланып, алар тууралуу баяндамалар, докладдар угулду. Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түптөөгө салым кошкон инсандар жөнүндө жана улуттук тамак-аш көргөзмөлөрү уюштурулду.
Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Сулайманов, тарых илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары О.Капалбаев, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев жана М.Ботбаевдин, М.Ашыровдун урпактары, райондун тургундары катышышты.




