8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

2024-жылдын 6-март күнү райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Аялдардын эл аралык майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага райондогу мекеме ишканалардын, айыл аймактардын айымдары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө район башчысы-аким А.Тюкебаев айымдарды келе жаткан 8-март майрамы менен куттуктап, райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан даярдалган белектерди тапшырды.
Майрамдык салтанатту иш-чара райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

Leave a Reply