2024-жылдын 22-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» ПЖ №370 жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыктарын ишке ашыруу максатында Ничке-Сай менен Кызыл-Өзгөрүш айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештери бириктирилип, жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоосу болуп өттү.
Бириктирилген Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы болуп Ысырайылов Жумабек Сапардинович шайланды.