Иш-чаранын алкагында айдоочуларга жол белгилерин так сактоо, жол кыймылынын эрежелерин бузбоо боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле жол белгилерине баш ийбей, унааларын туура эмес жерге токтоткон айдоочулар аныкталып, аларга карата тиешелүү тартипте административдик протоколдор түзүлдү.
Мындай иш-чаралар жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында мындан ары да улантылат.






