Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктардын, эрте никеге туруунун алдын алуу максатында N 31 К.Чодошев, N 39 М.Жунусалиев атындагы орто мектептеринде жыйындар өттү.
Жыйынга райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери жана ата-энелер, окуучулар катышты.
Жыйында ата-энелерге жана окуучуларга жогоруда аталган укук бузуулардын алдын алуу боюнча маалыматтар берилди.