Райондук аялдар кеңешинин конференциясы болуп өттү

Райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында райондук аялдар кеңешинин конференциясы өттү.
Конференцияга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жер-жерлерде өткөрүлгөн аялдар кеңешинин чогулуштарында делегат болуп шайланган аялдар, райондук мекемелердин аял жетекчилери жана шаардык мэриянын, айыл өкмөттөрдүн айыл өкмөт башчыларынын орун басарлары-жооптуу катчылары, социалдык маселелер боюнча адистер катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө райондо жүрүп жаткан гендердик теңчилик боюнча маалымат угулду. Ошондой эле райондук аялдар кеңешинин жаны курамын түзүү, райондук аялдар кеңешинин төрайымын шайлоо маселелери каралды.
Конференцияда райондун коомдук турмушуна активдүү катышкан айымдарга райондук мамлекеттик администрациянын Ардак грамоталары тапшырылып, райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан чакан концерттик программа тартууланды.
Жыйынтыгында райондук аялдар кеңешинин төрайымы болуп Суракматова Чынара шайланды.

Leave a Reply