Шахмат оюну боюнча “Акимдин кубогу” өткөрүлдү

2024-жылдын 18-февралында инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту азайтуу, балдар ортосунда достук жана ынтымакты бекемдөө максатында шахмат оюну боюнча “Акимдин кубогу” өткөрүлдү. Шахмат оюнуна 8-17-жашка чейинки 78 окуучу катышты. Иш -чара Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, райондук шахмат федерациясынын төрагасы Д. Курбаналиев катышты. Жыйынтыгында ; 1-орун Тияншанов…

Толук окуу…

15-февраль – Советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 35 жылдыгы белгиленди

2024-жылдын 15-февралында Советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 35 жылдыгы райондун аймагында жашаган Ооган согушунун ардагерлеринин жана кайтыш болгондордун туугандарынын катышуусунда салтанаттуу белгиленди. Токтогул району боюнча Ооган согушуна жалпы 73 жоокер катышкан, анын ичинен 2 жоокер согуш мезгилинде курман болгон, ал эми 22 жоокер келгенден кийин кайтыш болушкан. 35 жылдык мааракеге…

Толук окуу…

Көп балалуу энелерге сыйлыктар тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 26-майындагы «Республиканын көп балалуу энелерин «Баатыр эне» ордени менен сыйлоо жөнүндө» ПЖ №137 жана «Республиканын көп балалуу энелерин «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө» ПЖ №138 Жарлыктарына ылайык, райондун аймагында “Баатыр Эне” орденине ээ болгон 33 жана “Эне даңкы” медалына ээ болгон 18 энелердин сыйлыктарын райондук…

Толук окуу…

2023-жыл жыйынтыгы чыгарылды

2024-жылдын 13-февралында 2023-жылдын жыйынтыгы, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жөнүндө райондук мамлекеттик администрациянын коллегиясы болуп өттү. Аталган коллегияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Сыдыков, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, райондук ишкана, мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышышты. Коллегиянын жүрүшүндө жыл ичинде райондун аймагында…

Толук окуу…

15-февраль Советтик аскерлердин Афган жергесинен чыгарылгандыгынын 35 жылдыгы

15-февраль Советтик аскерлердин Афган жергесинен чыгарылгандыгынын 35 жылдыгына карата райондун айыл аймактарында иш чаралар өткөрүлүүдө.

Толук окуу…

Жаш өспүрүмдөр арасындагы топтошуп мушташуу, мектеп рэкетин алдын алуу боюнча “Өспүрүм-түн” аталышындагы иш-чара өткөрүлдү

2024-жылдын 11-февралында райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, райондук ички иштер бөлүмүнүн МАЫӨ, ЖЖЭИ кызматкерлери менен биргеликте жаш өспүрүмдөр арасындагы топтошуп мушташуу, мектеп рэкетин алдын алуу боюнча “Өспүрүм-түн” аталышындагы иш-чара өткөрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө түнкүсүн ата-энесинин коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөр аныкталды. Алардын ата-энелери чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле…

Толук окуу…

Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы тургундарга түшүндүрүү иш чарасын жүргүздү

2024-жылдын 10-февралында Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы мал уурулукту, ар кандай кылмыштарды алдын алуу жана болтурбоо максатында А.Суеркулов айыл аймагынын тургундарына түшүндүрүү иш чарасын жүргүздү. Мындан сырткары айыл аймактагы мектеп окуучуларына “Кылмыштуулук”, “Суицид”, “Наркотикалык заттын зыяндуулугу”, “Уурулук”, “Топтошуп урушуу” аталышындагы алдын алуу лекцияларын өткөрдү.

Толук окуу…

Компьютердик томография борбору ачылды

2024-жылдын 30-январь күнү Токтогул районунун Токтогул шаарындагы жалпы дарыгерлер практика борборунун базасында “Мамлекеттик жеке өнөктөштүк программасы” долбоорунун алкагында компьютердик томография борборунун ачылышы болду. Ачылышка КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Н. Ибраева, “Шаньшуй Силк Роуд” ЖЧКсынын директору Чжоу Минь, “Мамлекеттик жеке өнөктөштүк программасы” долбоорунун…

Толук окуу…

Райондун аймагында жазгы сугат иштерине даярдык көрүлүүдө

Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн Кайрак участкасында жайгашкан Токтогул райондук суу чарба башкармалыгына караштуу ЛР100 лотокторунун 36 даанасын монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Толук окуу…

Мал уурулукту жана башка кылымыштарды алдын алуу максатында калк арасында түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлдү

Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы Кетмен-Дөбө айыл аймагында мал уурулукту жана башка кылымыштарды алдын алуу максатында калк арасында түшүндүрүү иш-чарасын жүргүздү.

Толук окуу…