Башчы-аким А.Тюкебаев Үч-Терек айыл аймагында болду

26-март 2024-жылы башчы-аким А.Тюкебаев Үч-Терек айыл аймагында болду. Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, айыл өкмөт башчысы А.Байсабаев жана N30 ЖТИнин жетекчиси Т.Кенетаев менен биргеликте Нарын көпүрөсүнөн Кара-Көл шаарынын чек арасына чейинки Бишкек-Ош жолунун жээгин карап чыкты. Башчы-аким тарабынан айыл өкмөт бачысына КР Президентинин №56 Жарлыгына ылайык жол жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарды…

Толук окуу…

Райондун аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин N56 Жарлыгынын негизинде иш аракеттер жүргүзүлүүдө

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун жетекчилигинде райондук ыйгарым укукттуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен Бишкек-Ош автожолунун жээгиндеги тейлөө объекттеринин жайгашуусунун абалы, мыйзамсыз жайгашууга бөгөт коюу чараларынын алкагында түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Президентинин N56 Жарлыгынын негизинде жүргүзүлүүдө.

Толук окуу…

Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

21-мартта райондук маданият үйүндө Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев, шаардык кеңештин төрагасы М.Борбугулов, аялдар кеңешинин төрайымы Э.Раманкулова майрамдык салтанаттын катышуучуларын Нооруз майрамы менен куттукташты. Салтанат майрамдык концерт менен уланды.

Толук окуу…

Мамлекеттик туу күнү белгиленди

3-март – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнүнө карата райондук А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарада райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы-акими А.Тюкебаев мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгы менен катышуучуларды куттуктады. Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолду. Мамлекеттик туунун кабыл алынганынын 32 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар райондун аймагындагы бардык…

Толук окуу…

Токтогул шаардык кеңешине Жаңы-Жол айылдык кеңеши бириктирилди

2024-жылдын 22-февралында райондук мамлекеттик администрациясынын башчы-аким А.Тюкебаев, Токтогул шаардык кеңешинин жана Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаттары менен жыйын өткөрдү. Жыйында башчы-аким А.Тюкебаев Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» ПЖ №370 жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыктарын негизинде…

Толук окуу…

21-февраль – Эл аралык эне тил күнү

21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата райондун аймагында китепканаларда, балдар бакчаларында, мектептерде иш-чаралар уюштурулуп өткөрүлдү. Эне тил күнүнө карата ырлар окулуп, макалдар айтылып, концерттик программалар тартууланды.

Толук окуу…

Өрт коопсуздугун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Токтогул району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицердик курамы тарабынан райондун аймагында жайгашкан май куюучу жайларга өрт коопсуздугун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Толук окуу…

Бириктирилген айыл аймактардын жергиликтүү кеңештеринин төрагаларын шайлоосу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» ПЖ №370 жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыктарын ишке ашыруу максатында Кетмен-Дөбө менен Чолпон-Ата, Бел-Алды менен А.Суеркулов айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештери бириктирилип, жергиликтүү кеңештердин төрагаларын шайлоосу болуп өттү. Бириктирилген Кетмен-Төбө…

Толук окуу…

Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Токтогул району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицердик курамы тарабынан мектеп окуучуларына жер титирөө, өзгөчө кырдаалдардын классификациясы, сел, суу ташкындары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Толук окуу…

Бириктирилген жергиликтүү кеӊештердин төрагаларын шайлоо боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеӊештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” №24 Жарлыгын ишке ашыруу максатында райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында башчы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын өттү. Жыйынга райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлү, Токтогул жалпы дарыгердик практика борборунун директору, Чолпон-Ата, Кетмен-Дөбө, А.Суеркулов, Бел-Алды,…

Толук окуу…