Токтогул шаарынын Жаңы-Жол айылында жаңы бала бакчанын имараты пайдаланууга берилди

Токтогул шаарынын Жаңы-Жол айылында жаңы бала бакчанын имараты пайдаланууга берилди.
Ачылуу аземине Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Э.Апит уулу, Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, Жаңы-Жол айылынын тургундары катышты.
Аталган бала бакча 50 орунга ылайыкталып, тиешелүү жабдыктар менен камсыздалды. Бала бакчага Токтогул шаардык мэриясынын бюджетинен, райондук өнүктүрүү фондусунан жана демөөрчүлөр тарабынан жалпы 4,5 млн сом акча каражаты жумшалды.

Leave a Reply