Башчы-аким А.А.Тюкебаев шайлоо округдарын жана участкаларын кайра карап чыгуу боюнча жыйын өткөрдү

16-август 2024-жылы башчы-аким А.А.Тюкебаев Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жаңы жергиликтүү кеңештерди шайлоолоруна даярдык көрүү үчүн шайлоо округдарын жана участкаларын кайра карап чыгуу боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга айыл өкмөт башчылары, айыл башчылары жана тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери катышты. Жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Толук окуу…

14-август 2024-жыл башчы-аким А.А.Тюкебаевдин төрагалыгында Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын чоӊ жыйындар залында жыйын өттү. Жыйында төмөндөгү маселелер каралды: – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коллегиясынын 2024-жылдын 31-июлундагы №5 чечими менен тааныштыруу жана аткарууга алууга жөнөтүү тапшырмасы боюнча; – Райондун аймагында жайгашкан базарларда, соода, эс алуу, көңүл ачуучу жайларда, май куюучу жана…

Толук окуу…

2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктын абалы боюнча райондук штабдын жыйыны өттү

13-август 2024-жылы 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктын абалы боюнча райондук штабдын жыйыны өттү. Жыйын башчы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергеновдун жетекчилигинде болуп, райондогу социалдык объекттердин, электр тармактар ишканасынын, медицина мекемелеринин жана жол чарба тармагынын даярдыгы жөнүндө маалыматтар алынып, тиешелүү тапшырмалар берилди.

Толук окуу…

12-август 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Б.Э. Торобаев Токтогул районунун тургундары менен жолугушту

12-август 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Б.Э. Торобаев Токтогул районунун тургундары менен жолугушту. Жолугушуу Токтогул шаарындагы А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө болду. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.К.Текебаев жана ар бир министрликтин өкүлдөрү, райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана…

Толук окуу…

1,3га кара куурай өскөн жерди чабуу жана өрттөө иштери аткарылды

Токтогул районунун аймагында “МАК-2024” банги заттарынын мыйзамсыз айлануусуна жана баңгиликтин жайылышына тыюу салуу чараларды көрүүдө А.Суеркулов айыл аймагынын Торкен айылында жергиликтүү айыл башчылары, Токтогул РИИБнүн участкалык инспекторлору жана жарандык активисттер болуп 1,3га кара куурай өскөн жерди чабуу жана өрттөө иштери аткарылды.

Толук окуу…

8-9-август күндөрү Токтогул районунун Жарандык коргонуу кызматтарынын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгы боюнча абалы бааланды

Жалал-Абад облусунун Жарандык коргонуунун 2024-жылга бекитилген даярдык иш-планына ылайык 8-9-август күндөрү Токтогул районунун Жарандык коргонуу кызматтарынын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгы боюнча абалы бааланды. Бул боюнча Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын Токтогул районунун Жарандык коргонуу абалын комплекстүү баалоо боюнча уюштуруу көрсөтмөнү өткөрүү жөнүндө буйругу чыгып, 2024-жылдын 8-9-август күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу…

Толук окуу…

Башчы-аким А.Тюкебаев Токтогул районунун салык кызматынын жетекчиси жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен чогулуш өткөрдү

6-август 2024-жылы башчы-аким А.Тюкебаев, Токтогул районунун салык кызматынын жетекчиси жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары болуп чогулуш өткөрүп, чогулушта төмөндөгү маселелер каралды: 1.Мамлекеттик бюджеттин 2024-жылдын 7-айына карата бекитилген планын аткаруу маселелерин талкууланып салыктын ар бир түрү боюнча анализ жасалды; 2. 2024-2025-ж.ж күз-кыш мезгилине даярдыктын жүрүшү боюнча шаар мэринин, айыл…

Толук окуу…