Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими Акылбек Тюкебаевдин 7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата кайрылуусу

“Урматтуу районубуздун жашоочулары!
Өлкөбүздө 7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү.
7-8 ноябрь – бул элибиздин жашоосундагы негизги тарыхый окуяларды эске салган күн. Бул күндөрү эл башынан өткөргөн окуялар, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнүн башатында турган патриоттор, тарыхта көрүнүктүү из калтырган карапайым адамдар жана өлкөбүздүн тарыхын жараткан инсандар эскерилет.
Биздин ата-бабаларыбыз татаал сыноолордон өтүп, элибиздин атын, байыркы тилибизди, маданиятыбызды, келечектеги муунга өткөрүп берүүгө милдеттүү болгон үрп-адаттарыбызды сактап калышкан.
1916-жылдагы улуттук-боштондук үчүн күрөш жана 1917-жылдын 7-ноябрындагы Улуу Октябрь социалисттик революциясы Кыргыз мамлекетинин кайра жаралуусуна шарт түзгөн терең мааниге ээ окуялар. Биз ар дайым тарыхыбыздын барактарын эстеп, ата-бабаларыбызга таазим кылышыбыз керек.
Өлкөбүзгө туруктуулук, тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалайбыз!”
Возможно, это изображение 1 человек

Leave a Reply