“Манастын кырк чоросу” аталышындагы манас айтуучулардын кечеси болуп өттү.

4-декабрь – “Манас” эпосунун күнүнө карата А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө кыргыз элинин руханий баа жеткис мурасы – Манас үчилтиги боюнча “Манастын кырк чоросу” аталышындагы манас айтуучулардын кечеси болуп өттү. Иш чарага райондогу манас айтуучулар, мектеп окуучулары катышышты. Бул күн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги N 259 токтомунун негизинде белгиленип келет.…