“Тарыхый акыл-эс агымынын чагылдырылышы” аттуу илимий-практикалык конференция өттү
Тарыхчы, журналист жана публицист, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Токтогул районунун Ардактуу атуулу, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Арслан Койчиевдин катышуусунда анын чыгармаларындагы “Тарыхый акыл-эс агымынын чагылдырылышы” аттуу илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чарада “Арслан Койчиевдин жаңы кыргыз адабиятына кошкон салымы” жана “Арслан Койчиевдин өмүр сапары” темасында докладдар окулуп, анын “Беделдеги каргыш” (Мисмилдирик) чыгармасынан…









