Жол жээгиндеги мыйзамсыз жайгашкан жарнама тактайчалары алынууда

Бишкек-Ош автоунаа жолунун Токтогул райондук бөлүгүнүн жол жээгинде мыйзамсыз жайгашкан жарнама тактайчалары алынууда
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылды 14-мартындагы №56 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2024-жылдын 18-октябрындагы №6 Протоколдук тапшырмасын аткарууга алып, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын алдында комиссия түзүлгөн.
Райондук комиссия тарабынан 2024-жылдын 25-ноябрынан 28-ноябрына чейин Бишкек-Ош автожолунун жээгинде мыйзамсыз, баш аламан жайгашкан 3 даана соода күркөлөрү, 104 даана ар кандай жарнама тактайчалары жол жээгинен алынды.
Бул иш-чара райондук комиссия тарабынан улантылат.

Leave a Reply