Райондо үй-бүлөлүк зомбулукту жана ар кандай кылмыштарды болтурбоонун алдын алуу иш-аракети уланууда

Токтогул РИИБдин көчмө кабылдамасы, райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкери, райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси, РИИБдин башчысы менен биргеликте Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагында үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоону, коргоону, сактоону жана башка ар кандай кылмыштарды алдын алуу максатында жарандарга түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлдү.

Толук окуу…

Башчы-аким А.Тюкебаев Үч-Терек айыл аймагындагы К.Токторалиев атындагы орто мектебинде көчөт отургузуу иш-чарасына катышты

Hайондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев Үч-Терек айыл аймагында болду. Башчы-аким А.Тюкебаев “Жашыл-мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында Үч-Терек айыл аймагындагы К.Токторалиев атындагы орто мектебинде 130 түп көчөт отургузуу иш-чарасына катышты жана Ч.Орозов атындагы ЖДПБна CASA-1000 долбоору аркылуу алынган УЗИ аппаратын көрдү. Мындан сырткары Бишкек-Ош автожолунун жээгин ирээтке келтирүү тапшырмасынын аткарылышын карап чыгып,…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында окуу-семинар өттү

Бүгүн 09-апрель 2024-жылы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында окуу-семинар өттү. Семинарда Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин арасында кирешелерди жана мүлктөрдү декларациялоо жөнүндө болду. Мындан сырткары жаш өспүрүмдөрдүн сууга түшүүдө, ошондой эле тоолуу аймактарда балдардын муз тебүүсүнүн коопсуздугунун сакталышы тууралуу мыйзам талаптарынын аткарылышы боюнча Токтогул…

Толук окуу…

Үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоону жана башка ар кандай кылмыштарды алдын алуу максатында жарандарга түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлдү

8-апрель 2024-жылы Токтогул РИИБдин көчмө кабылдамасы менен Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы, Токтогул РИИБдин башчысы менен биргеликте Токтогул шаарында жана Кетмен-Дөбө айыл аймагында үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоону, коргоону, сактоону жана башка аркандай кылмыштарды алдын алуу максатында жарандарга түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлдү.

Толук окуу…

Коопсуздук эрежелер боюнча баракчалар коомдук жайларга илинди

2024-жылдын 8-апрели Токтогул району боюнча ӨКБнүн офицердик курамы тарабынан КР ӨКМне караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан өзгөчө кырдаал коркунучу жаралган шартта өзүн алып жүрүү жана коопсуздук эрежелери боюнча маалыматтарды уюлдук телефон аркылуу ыкчам билүү үчүн иштелип чыккан “QR” коддорду калк арасында жайылтууну уюштуруу максатында билим берүү мекемелерине, коомдук жайларга…

Толук окуу…

Башчы-аким А.Тюкебаевдин жарандарды жеке кабыл алуусу уюштурулду

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев жарандарды жеке кабыл алуусу уюштурулду. 8-апрель 2024-жылы райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-акимдин жеке кабыл алуусу уюшурулду. Райондун тургундары тарабынан электр энергиясы, жана жер маселелери боюнча кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилди. Башчы-акимдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го…

Толук окуу…

7-апрель – Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата “Көңүлдүү старт” спорттук оюну уюштурулду

7-апрель Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата Токтогул жалпы дарыгердик практикалык борборунун медицина кызматкерлеринин арасында “Көңүлдүү старт” спорттук оюну уюштурулуп, көнүгүү (гимнастика) жасоо менен башталып, аралыкка чуркоо эстафетасы болду. Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Толук окуу…

“Жашыл-мурас” Улуттук өнөктүгүнүн алкагында көчөт отургузуу иш-чарасы өттү

“Жашыл-мурас” Улуттук өнөктүгүнүн алкагында райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев Токтогул шаарынын карамагындагы Кайрак участкасында, А.Бердалиев атындагы N39 кесиптик лицейинде, А.Суеркулов айыл өкмөтүндө жана Токтогул шаарында көчөт отургузуу иш-чарасына катышты. “Жашыл-мурас” Улуттук өнөктүгүнүн алкагында жалпы район боюнча 2000 түп ар кандай көчөт отургузулду.

Толук окуу…

Райондун аймагындагы кезектеги ишембилик

6-аперль 2024-жылы айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу максатында райондук ишембилик болуп өттү. Ишембиликте Токтогул шаарынын борбордук көчөлөрү, эл алуу багы, Бишкек-Ош автожолунун жээги тазаланды. Ошондой эле бардык айыл өкмөттөрдө да ишембилик уюштурулду. “Жашыл-мурас” Улуттук өнөктүгүнүн алкагында Токтогул шаарынын карамагындагы Кайрак участкасына 1 га жер аянтына…

Толук окуу…