Токтогул шаарынын эс алуу багында 7-апрель Элдик революциясын эскерүү иш-чарасы болуп өттү

Бүгүн, Токтогул шаарынын эс алуу багында 7-апрель Элдик революциясын эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө эс алуу багында апрель революциясынын баатыры А.Жанышбаевге орнотулган эстеликке гүлчамбар коюлуп, куран окулуп, залп атылды. Райондогу Апрель революциясынын катышуучуларына жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүлдү. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, апрель революциясынын катышуучулары,…

Толук окуу…

Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулду

Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгүнүн жол жээктери, Токтогул шаарынын эс алуу паркы, баардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коомдук жайлардын айланасы, көчөлөр, жол жээктери тазаланды. Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, айыл өкмөттөрдүн, шаардык мэриянын эмгек жамааттары тартылды. Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын техникалар уюштурулуп, чыгарылууда.

Толук окуу…

“Ден соолук – 2024” мугалимдер спартакиадасынын райондук этабы өткөрүлүүдө

Райондогу 42 мектептин мугалимдеринин ортосунда “Ден соолук – 2024” мугалимдер спартакиадасынын райондук этабы №1 Токтогул, №2 Ж.Бөкөнбаев, №4 Н.Бримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясында жана №6 Мүлкүбат атындагы орто мектептеринде өткөрүлүп жатат. Спартакиадада спорттун 4 түрү боюнча оюн болууда. Волейбол боюнча: – эжекелер командасынан 12; – агайлар командасынан 5; – 40 жаштан…

Толук окуу…

Чычкан капчыгайындагы мыйзамсыз салынган курулуштар жана капчыгайдын тазалыгы жеринен каралды

28-март 2024-жылы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими А.А.Тюкебаев Токтогул шаарынын мэринин орун басары жана тиешелүү мекеме, ишканалардын жетекчилери менен бирге Чычкан капчыгайындагы мыйзамсыз салынган курулуштарды жана капчыгайдын тазалыгын жеринен карап чыкты. Жыйынтыгында жолдун жээгиндеги таштандыларды тазалоо, мыйзамсыз салынган курулуштарды алуу, тартипке салуу ж.б. тапшырмаларды Токтогул шаарынын мэринин орун басарына жана…

Толук окуу…

Башчы-аким А.Тюкебаев Үч-Терек айыл аймагында болду

26-март 2024-жылы башчы-аким А.Тюкебаев Үч-Терек айыл аймагында болду. Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, айыл өкмөт башчысы А.Байсабаев жана N30 ЖТИнин жетекчиси Т.Кенетаев менен биргеликте Нарын көпүрөсүнөн Кара-Көл шаарынын чек арасына чейинки Бишкек-Ош жолунун жээгин карап чыкты. Башчы-аким тарабынан айыл өкмөт бачысына КР Президентинин №56 Жарлыгына ылайык жол жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарды…

Толук окуу…

Райондун аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин N56 Жарлыгынын негизинде иш аракеттер жүргүзүлүүдө

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун жетекчилигинде райондук ыйгарым укукттуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен Бишкек-Ош автожолунун жээгиндеги тейлөө объекттеринин жайгашуусунун абалы, мыйзамсыз жайгашууга бөгөт коюу чараларынын алкагында түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Президентинин N56 Жарлыгынын негизинде жүргүзүлүүдө.

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаевдин жарандарды жеке кабыл алуусу уюштурулду

Райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-акимдин жеке кабыл алуу графигине ылайык, 2024-жылдын 25-март күнү райондун тургундары жер, ишкерликти колдоо, жумушка орноштуруу боюнча көйгөйлүү маселелери менен кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга кеңештер берилди жана тиешелүү мекеме-ишканаларга тапшырмалар берилди. Башчы-акимдин жеке кабыл алуу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.

Толук окуу…

Кетмен-Дөбө, Абды Сүйөркулов, Элмирбек Иманалиев айыл өкмөттөрүндө Элдик жыйындар өттү

Кетмен-Дөбө, Абды Сүйөркулов, Элмирбек Иманалиев айыл өкмөттөрүндө элдик жыйындар болду. Аталган айыл өкмөттөрдүн жашоочулары менен болгон жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Сулайманов, райондун акими А.А.Тюкебаев жана райондун бир катар жетекчилери катышышты. Жыйында жергиликтүү жарандар тарабынан көйгөйлүү маселелер айтылып, аларды чечүү жолдору каралды.

Толук окуу…

Башчы-аким А.Тюкебаев Кетмен-Дөбө айыл аймагында болду

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы насостук станциялардын жазгы талаа сугат иштерине даярдыктарын, Мазар-Суу айылындагы жаңы салынган парктын абалын, медициналык объектилерди, административдик-аймактык реформанын алкагында айыл өкмөтүнүн мүлктөрүн тактоо иштеринин жүрүшүн жана башка аткарылып жаткан иштерди жеринен көрдү.

Толук окуу…

Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

21-мартта райондук маданият үйүндө Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев, шаардык кеңештин төрагасы М.Борбугулов, аялдар кеңешинин төрайымы Э.Раманкулова майрамдык салтанаттын катышуучуларын Нооруз майрамы менен куттукташты. Салтанат майрамдык концерт менен уланды.

Толук окуу…