Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Тектир айылында айыл элинин ден соолугун чыңдоочу зал ачылды

2-24-жылдын 27-февралында Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Тектир айылында, айыл элинин ден соолугун чыңдоочу залы ачылды. Ден соолукту чыңдоо залы Швейцария өкмөтү тарабынан “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору аркылуу каржыланып, айыл эли ден сосолугун чыңдоочу спорттук шаймандар орнотулду. Долбоордун жалпы суммасы 1 млн. 150 миң сомду…

Толук окуу…

Бириктирилген айыл аймактардын жергиликтүү кеңешинин төрагасын шайлоосу болуп өттү

2024-жылдын 22-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» ПЖ №370 жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыктарын ишке ашыруу максатында Ничке-Сай менен Кызыл-Өзгөрүш айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештери бириктирилип, жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоосу болуп өттү. Бириктирилген Кызыл-Өзгөрүш айыл…

Толук окуу…

21-февраль – Эл аралык эне тил күнү

21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата райондун аймагында китепканаларда, балдар бакчаларында, мектептерде иш-чаралар уюштурулуп өткөрүлдү. Эне тил күнүнө карата ырлар окулуп, макалдар айтылып, концерттик программалар тартууланды.

Толук окуу…

Өрт коопсуздугун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Токтогул району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицердик курамы тарабынан райондун аймагында жайгашкан май куюучу жайларга өрт коопсуздугун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев объекттердин курулуш иштерин жеринен көрдү

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык “Суу канал” ишканасына барып, “Таза суу” долбоорунун 1-фазасында шаардын жашоочуларын ичүүчү таза суу менен калкка коюлган жаңы тариф менен жүргүзүлүп жаткан иштери боюнча таанышты. Долбоор кредиттик жана гранттын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылды. Токтогул шаарында 75 орундуу бала бакчанын курулуш иштеринин жүрүп жатканы боюнча…

Толук окуу…

Бириктирилген айыл аймактардын жергиликтүү кеңештеринин төрагаларын шайлоосу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» ПЖ №370 жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыктарын ишке ашыруу максатында Кетмен-Дөбө менен Чолпон-Ата, Бел-Алды менен А.Суеркулов айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештери бириктирилип, жергиликтүү кеңештердин төрагаларын шайлоосу болуп өттү. Бириктирилген Кетмен-Төбө…

Толук окуу…

Бириктирилген жергиликтүү кеӊештердин төрагаларын шайлоо боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеӊештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” №24 Жарлыгын ишке ашыруу максатында райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында башчы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын өттү. Жыйынга райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлү, Токтогул жалпы дарыгердик практика борборунун директору, Чолпон-Ата, Кетмен-Дөбө, А.Суеркулов, Бел-Алды,…

Толук окуу…

15-февраль – Советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 35 жылдыгы белгиленди

2024-жылдын 15-февралында Советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 35 жылдыгы райондун аймагында жашаган Ооган согушунун ардагерлеринин жана кайтыш болгондордун туугандарынын катышуусунда салтанаттуу белгиленди. Токтогул району боюнча Ооган согушуна жалпы 73 жоокер катышкан, анын ичинен 2 жоокер согуш мезгилинде курман болгон, ал эми 22 жоокер келгенден кийин кайтыш болушкан. 35 жылдык мааракеге…

Толук окуу…

Көп балалуу энелерге сыйлыктар тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 26-майындагы «Республиканын көп балалуу энелерин «Баатыр эне» ордени менен сыйлоо жөнүндө» ПЖ №137 жана «Республиканын көп балалуу энелерин «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө» ПЖ №138 Жарлыктарына ылайык, райондун аймагында “Баатыр Эне” орденине ээ болгон 33 жана “Эне даңкы” медалына ээ болгон 18 энелердин сыйлыктарын райондук…

Толук окуу…

2023-жыл жыйынтыгы чыгарылды

2024-жылдын 13-февралында 2023-жылдын жыйынтыгы, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жөнүндө райондук мамлекеттик администрациянын коллегиясы болуп өттү. Аталган коллегияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Сыдыков, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, райондук ишкана, мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышышты. Коллегиянын жүрүшүндө жыл ичинде райондун аймагында…

Толук окуу…