15-февраль Советтик аскерлердин Афган жергесинен чыгарылгандыгынын 35 жылдыгы

15-февраль Советтик аскерлердин Афган жергесинен чыгарылгандыгынын 35 жылдыгына карата райондун айыл аймактарында иш чаралар өткөрүлүүдө.

Толук окуу…

Жаш өспүрүмдөр арасындагы топтошуп мушташуу, мектеп рэкетин алдын алуу боюнча “Өспүрүм-түн” аталышындагы иш-чара өткөрүлдү

2024-жылдын 11-февралында райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, райондук ички иштер бөлүмүнүн МАЫӨ, ЖЖЭИ кызматкерлери менен биргеликте жаш өспүрүмдөр арасындагы топтошуп мушташуу, мектеп рэкетин алдын алуу боюнча “Өспүрүм-түн” аталышындагы иш-чара өткөрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө түнкүсүн ата-энесинин коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөр аныкталды. Алардын ата-энелери чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле…

Толук окуу…

Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы тургундарга түшүндүрүү иш чарасын жүргүздү

2024-жылдын 10-февралында Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы мал уурулукту, ар кандай кылмыштарды алдын алуу жана болтурбоо максатында А.Суеркулов айыл аймагынын тургундарына түшүндүрүү иш чарасын жүргүздү. Мындан сырткары айыл аймактагы мектеп окуучуларына “Кылмыштуулук”, “Суицид”, “Наркотикалык заттын зыяндуулугу”, “Уурулук”, “Топтошуп урушуу” аталышындагы алдын алуу лекцияларын өткөрдү.

Толук окуу…

Компьютердик томография борбору ачылды

2024-жылдын 30-январь күнү Токтогул районунун Токтогул шаарындагы жалпы дарыгерлер практика борборунун базасында “Мамлекеттик жеке өнөктөштүк программасы” долбоорунун алкагында компьютердик томография борборунун ачылышы болду. Ачылышка КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Н. Ибраева, “Шаньшуй Силк Роуд” ЖЧКсынын директору Чжоу Минь, “Мамлекеттик жеке өнөктөштүк программасы” долбоорунун…

Толук окуу…

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын директору – КР Мамлекеттик башкы ветеринар врачы У.С. Кожобергеновдун катышуусунда жыйын өттү

2024-жылдын 26-январында райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергеновдун төрагалыгында жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын директору – КР Мамлекеттик башкы ветеринар врачы У.С. Кожобергеновдун катышуусунда жыйын өттү. Жыйындын күн тартибинде: 1. 2024-жылга карата жазгы талаа иштерине даярдык көрүүнүн…

Толук окуу…

Райондун аймагында жазгы сугат иштерине даярдык көрүлүүдө

Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн Кайрак участкасында жайгашкан Токтогул райондук суу чарба башкармалыгына караштуу ЛР100 лотокторунун 36 даанасын монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Толук окуу…

Мал уурулукту жана башка кылымыштарды алдын алуу максатында калк арасында түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлдү

Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы Кетмен-Дөбө айыл аймагында мал уурулукту жана башка кылымыштарды алдын алуу максатында калк арасында түшүндүрүү иш-чарасын жүргүздү.

Толук окуу…

Мектеп окуучулар арасында райондук олимпиада өткөрүлдү

2024-жылдын 18-19-январь күндөрү №4 Н.Бримкулов атындагы инновациялык мектеп гимназиясынын базасында райондогу 39 мектептин окуучуларынын катышуусунда математика, физика, информатика, химия, биология, география, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили предметтери боюнча предметтик олимпиаданын райондук баскычы өткөрүлдү. Олимпиадага жалпы 768 окуучу катышты. Жыйынтыгында 1-2-орунду ээлеген окуучулар олимпиаданын областтык…

Толук окуу…

БУУнун Дүйнөлук азык-түлүк программасы аркылуу 2023-жылы райондун аймагында аткарылган иш-аракеттердин жыйынтыгы жөнүндө маалымат угулду

Райондук мамлекеттик администрациянын кичи жыйындар залында БУУнун Дүйнөлук азык-түлүк программасы аркылуу 2023-жылы райондун аймагында аткарылган иш-аракеттердин жыйынтыгы жөнүндө маалымат угулуп, 2024-жылга карата иш-чаралар планы талкууланды. Район боюнча 2023-жыл ичинде БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу 24 долбоор ишке кирип 634 адам эмгектенип, эмгек акыларына 87 тн 600кг ун,18тн 762 кг май…

Толук окуу…

Райондук Жарандык Коргонуу кызматтарынын 2023-жылдын 12 айында аткарылган иш аракеттер жөнүндө жыйын өттү

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергеновдун төрагалыгында “Райондук Жарандык Коргонуу кызматтарынын 2023-жылдын 12 айында аткарылган иш аракеттер жөнүндө” жыйын өттү. Жыйында райондук жарандык коргонуу кызматтарынын башчыларынын, райондук өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн башчысы, майор Н.Төрөбаевдин маалыматы угулуп, 2024-жылга карата аткарылуучу иш чаралардын планы талкууланды. Жыйынтыгында тиешелүү кызмат башчыларына жана жергиликтүү…

Толук окуу…