2024-жылдын жазгы талаачылык жумуштарына даярдык жүрүүдө
2023-жылдын 22-январында райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов 2024-жылдын жазгы талаачылык жумуштарына даярдыктын жүрүшү боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жыйын өттү. Жыйында сугат тармагындагы даярдыкты 2024-жылдын 1-мартына чейин аяктоо, жер семирткичтер, күйүүчү май жана үрөөндөр менен дыйкандарды камсыздоо боюнча протоколдук тапшырмасы берилди.