“Калк арасында жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу” боюнча окуу семинар уюштурулуп өткөрүлдү

2024-жылдын 25-июнь күнү Кыргызстан айылдык ден соолук комитети Ассоциациясы тарабынан “Калк арасында жугуштуу эмес (жүрөк кан тамыр, кант диабети, залал шишиктер) ооруларды алдын алуу” боюнча окуу семинар уюштурулуп өткөрүлдү. Окуу семинарга медицина мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана райондук ден соолук комитетинин (РДК) төрайымдары катышышты. Окуу семинарда азыркы…

Толук окуу…

Сел алган көчөлөрдүн жолдору калыбына келтирилүүдө

2024-жылдын 23-июнь күнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Үч-Терек айыл аймагынын Саргата айылынын көчөлөрүнүн жолдорун, көпүрөлөрүп сел алган. Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башычы-аким А.Тюкебаевдин тапшырмасы менен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан сел алган көчөлөрдүн жолдорун, көпүрөлөрүн калыбына келтирүү иш-аракеттери жүргүзүлүүдө, жол каттамдары ачылды. Калыбына келтирүү иш-аракетин жүргүзүүгө 17…

Толук окуу…

Башчы-аким а.Тюкебаев Кетмен-Дөбө айыл аймагында

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы Терек-Суу айылынын маданият үйүнүн абалы, Чолпон-Ата айылындагы бала бакчанын көмүрканасынын, мектептин ашканасынын жана спорт залдын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, айыл өкмөт башчысына тиешелүү тапшырмаларды берди.

Толук окуу…

Айыл аймактар тиш дарылоо жабдуулары менен камсыздалды

2024-жылдын 22-июнь күнү ‘Хиппократес” Кайрымдуулук Коомдук Фондунусу Токтогул районунун Э.Иманалиев, А.Суеркулов, Үч-Терек айыл аймактарына жана Токтогул шаарындагы тиш дарылоо поликлиникасын тиш дарылоого керектүү заманбап медициналык жабдуулары менен камсыздады. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев Хиппократес” КК Фондусунун Корея христиан медициналык өнөктөштүктүн жетекчиси Ли Жухван мырзага райондун тургундарынын саламаттыгын сактоого кошкон салымы…

Толук окуу…

“Шахмат мектеби” ачылды

2024-жылдын 22-июнунда Токтогул райондук шахмат федерациясы тарабынан “Шахмат мектеби” ачылды. Шахмат-спорттун түрү, көркөм өнөр, илим жана логикалык оюн болуп эсептелет. Шахмат – дүйнөдөгү эң атактуу оюндардын бири, болжол менен 2 миң жыл мурун пайда болгон. Иш-чарага Жалал-Абад областтык, Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын шахмат федерациясынын өкүлдөрү А. Макаимов, Т. Романов, М.…

Толук окуу…

23-июнь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

23-июнь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. 2024-жылдын 21-июнь күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 23-июнь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Башчы-аким А.Тюкебаев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы менен куттуктап, сыйлыктарды тапшырды. Салтанаттуу иш-чара…

Толук окуу…

Камбарата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин актуалдаштыруу маселелери боюнча жолугушуу өттү

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин, «AFRY Switzerland Ltd.» компаниясынын өкүлдөрү, эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) эксперттери жана «Электр станциялар» ААКтын адистери менен Камбарата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин актуалдаштыруу маселелери боюнча жолугушууга катышты.

Толук окуу…

“Региондорду өнүктүрүү үчүн интеллектуалдык менчик жана инновациялар” аталышында семинар болуп өттү

“Региондорду өнүктүрүү үчүн интеллектуалдык менчик жана инновациялар” аталышында семинар болуп өттү. Семинарда Кыргызстандагы патент, автордук укук, автордук укук объектилерин каттоо, интеллектуалдык менчик системасы, Кыргызпатенттин пайдалуу моделдерин жана өнөр жай үлгүлөрүн ойлоп табуулар, Кыргызстанда патент системасы жана өтүнмөлөрдү берүүнүн жана патент берүүнүн тартиби жана “40 райондон 40 демилге” долбоору жөнүндө түшүндүрмө…

Толук окуу…

Райондо кезектеги ишембилик уюштурулду

2024-жылдын 15-июнунда райондо кезектеги ишембилик уюштурулду. Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коомдук жайлар тазаланды. Ишембиликке райондогу мекеме, ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери катышты.

Толук окуу…

Жергиликтүү бюджеттин көлөмүн көтөрүү боюнча жыйын өттү

15 -июнь 2024-жылы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин жетекчилигинде райондук финансы башкармалыгынын, салык кызматынын өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын катышуусунда жергиликтүү бюджеттин көлөмүн көтөрүү боюнча жыйын өттү.

Толук окуу…